Фидан америкалык кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Газадагы жана Украинадагы абал талкууланды.

2140110
Фидан америкалык кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Газадагы жана Украинадагы акыркы абалдар талкууланды.

Министр Фидан сүйлөшүүдө, Газада эң кыска убакытта туруктуу ок атышпоонун камсыздалышынын маанилүүлүгүнө токтолуп, гуманитардык жардамдардын аймакка кирүүсүнүн алдындагы тоскоолдуктардын жоюлушу керектигин баса белгиледи.

Фидан Израилдин Рафахка кол салуусунун кабыл алынгыс экенин да айтты.

Бир тараптан министр Фидан Катарда Хамастын саясий бюросунун башчысы Хания жана делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, жолугушууда ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдөгү акыркы абал талкууланды.



Тектеш кабарлар