Братиславадан Стамбулга, Анкара-Дублинге түз рейс

Pegasus Airlines бүгүндөн (15-май) тарта Стамбул Сабиха Гөкченден Братиславага (BTS) жаңы эл аралык каттамдарды баштады.

2140050
Братиславадан Стамбулга, Анкара-Дублинге түз рейс

Словакиянын борбор шаары Братислава биринчи жолу түз каттам менен Стамбулга туташты.

Pegasus Airlines бүгүндөн (15-май) тарта Стамбул Сабиха Гөкченден Братиславага (BTS) жаңы эл аралык каттамдарды баштады.

Компаниянын билдирүүсүнө караганда, бул жаңы багыт Pegasus Airlines тарабынан 2024-жылы Хорватиянын Загреб, Египеттин Сфинкс, Казакстандын Актау, Болгариянын София жана Молдовадагы Кишинев шаарларынан кийинки 6-жаңы эл аралык каттам болду.

Стамбул Сабиха Гөкчен менен Братиславанын ортосунда шаршемби жана жекшемби күндөрү жумасына 2 рейс жүргүзүлөт.

Бул жаңы линиянын жылдын калган мезгилинде Сабиха Гөкченге кошумча 23,000 эл аралык жүргүнчүнү алып келиши күтүлүүдө. Стамбул Сабиха Гөкчен эл аралык аэропорту ушундайча 53 өлкөдө 40 ички жана 122 эл аралык багытты тейлейт, ал эми жалпысынан 162 багыт менен тыгыз байланышта болот.

Pegasus Airlines өз авиакаттамына Анкара-Дублин линиясын да кошту.

Ирландиянын борбор шаары Дублин менен Анкаранын ортосунда 3-июлда жүргүзүлө турган алгачкы каттамдар жумасына 3 жолу шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жасалат.



Тектеш кабарлар