Түркмөнстандын жаратылыш газы тууралуу келишим түзүлдү

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Азербайжандын экономика министри Микайыл Жаббаров менен Стамбулда жаратылыш газ тармагында Түркия - Азербайжан кызматташтык келишимине кол коюу аземине катышты.

2139493
Түркмөнстандын жаратылыш газы тууралуу келишим түзүлдү

Түркмөнстандын жаратылыш газынын Азербайжан жана Грузия аркылуу Түркияга ташылышы боюнча келишим түзүлдү.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Азербайжандын экономика министри Микайыл Жаббаров менен Стамбулда жаратылыш газ тармагында Түркия - Азербайжан кызматташтык келишимине кол коюу аземине катышты.

Аземден кийин өткөрүлгөн пресс -  жыйында сөз сүйлөгөн Байрактар эки өлкөнүн ушул күнгө чейин  бир топ долбоорду биргелеше аткаргандарын белгилеп : "Баку-Тбилиси-Жейхан чийки мунай кууру Азербайжан мунайы  башта болгон Каспий аймагындагы,   Кавказ географиясындагы  мунайдын Түркияга жана Түркия аркылуу да дүйнөлүк рынокко мунай жеткирүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул дүйнөлүк мунай рыногу үчүн ачыгын айтканда, дүйнөлүк мунай менен камсыздоонун тең салмактуу болушу үчүн абдан маанилүү долбоор", - деди.

Байрактар эки өлкөнүн Баку  - Тбилиси  - Эрзурум жаратылыш газ кууру, Транс Анадолу жаратылыш газ кууру долбоору ТАНАПты иштеп чыгышкандарын эске салып : «Өзгөчө бүгүн кол койгон келишим менен карым-катнаштарыбыз жаратылыш газ тармагында жаңы чен-өлчөмгө жетишүүдө./.../ Бул келишимдин ичинде  2030 -  жылга чейин Азербайжан булактарынын,  жаратылыш газынын  жана Каспий булактарындагы жаратылыш газын Түркияга жеткирүүнү камтыйт. Муну менен бирге Түркмөнстан жаратылыш газынын Азербайжан жана Грузия аркылуу Түркияга жеткирилиши тууралуу да бул келишимдин натыйжасында  бир келишим түздүк",- деди. 

Түркия жана Азербайжандын биргелеше иштеп чыккан түтүк жолдоруна Азербайжанга караштуу Нахчыван  автономиялуу республикасына  жаратылыш газын жеткире турган Ыгдыр-Нахчыван жаратылыш газ куурунун жаңы бир "боордош" катары келгендигин айткан энергетика министри Байрактар : "Буюрса бул кыш Нахчывандын жаратылыш газы  Түркия аркылуу жеткирилет. Эң кыска убакытта бул куурду  ишке киргизүүнү пландап жатабыз",- деди. 

Азербайжандын экономика министри Жаббаров да Түркия - Азербайжан кызматташтыгынын Европанын энергия коопсуздугуна салым кошконуна көңүл бурду.

Ыгдыр-Нахчыван куурунун маанисине токтолгон Жаббаров, бул аймакка жөнөтүлө турган жаратылыш газы менен Түркия - Азербайжан боордоштугу менен бирге Нахчывандын энергетикалык коопсуздугунун дагы бекемделерин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар