Түркияда акыркы 53 жылдын эң ысык апрель айы

Экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мехмет Өзхасеки жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө апрель айынын температура  тууралуу маалымат берди.

2139604
Түркияда акыркы 53 жылдын эң ысык апрель айы

Экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мехмет Өзхасеки жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө апрель айындагы температура  тууралуу маалымат берди. 

Өткөн айдын акыркы  53 жылдын эң ысык апрель айы болгондугун белгилеген Өзхасеки апрель айында жалпы Түркияда орточо температуранын 16,6 градус болуп, нормадан 4,3 градус жогору болгонун белгиледи.

Министр Өзхасеки эң төмөнкү температуранын Кайсериде минус 9,4 градус менен Сарызда, эң жогорку температуранын 38,9 градус менен Шанлыурфа Жейланпынарда өлчөнгөнүн билдирди.

Министр Өзхасеки климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана балдарга ырааттуу жашоону камсыз кылуу үчүн дүйнөнүн бардык жеринде климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүнүн ар бир адамдын милдети экенин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар