Togg Германияда сатыкка чыгат

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркия радио телекөрсөтүү мекемесине (TRT) билдирүү жасады.

2139189
Togg Германияда сатыкка чыгат

Түркиянын ата мекендик жана улуттук электр унаасы Togg 2025-жылдын башында Европа рыногуна кирет.

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркия радио телекөрсөтүү мекемесине (TRT) билдирүү жасады.

Ата мекендик Togg унаасынын бир гана жаңы унаа бренди эмес, бүткүл сектордун трансформациясын жетектеген бренд экенин баса белгилеген Кажыр, жолдордогу Togg санынын 30 миңге жакындаганын айтты.

Министр Кажыр: «Togg Түркияда электр унаа классында лидер жана өз модели болгон жол тандабастар арасында рыноктун лидери»,-деди.

Түркиянын алдыбыздагы мезгилде дүйнөнүн маанилүү аккумулятор өндүрүү базаларынын бири болоорун баса белгилеген Кажыр: «Келечекте Toggдун автономдуу айдоо жана жасалма интеллект тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү абдан маанилүү болот»,-деп айтты.

Toggдун 2025-жылдын башында Германияда сатыкка чыга турганын жана ушундайча Европа рыногуна кире турганын билдирген Кажыр: «Ошол эле даталарда Америка Кошмо Штаттарынын Лас-Вегас шаарында таанытылган Toggдун 'fastback' моделин да сатыкка чыгаруу пландалууда. Алдыдагы мезгилде Toggдун жаңы таанытуулары да болот»,-деди.

Toggдун программалык камсыздоосун өнүктүрүүнүн да уланып жатканын белгилеген митистр Кажыр, акыркы жаңылыктардын бири да жүздү таануу экенин айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын алдыдагы мезгилде жаңы технологияны дүйнөгө таанытуу программасын жарыялай турганын маалымдаган өнөр жай жана технология министри: «Түркиянын чип технологияларынан батарейка технологияларына чейин бардык жаңы муундагы технология тармагында улуттук долбоорлорду ылдамдатуу жана глобалдык инвестиция тартууну максат кылган жаңы жогорку технологиялык инвестиция программасын президентибиз дүйнөгө жарыялаган болот»,-деп кабарлады.  



Тектеш кабарлар