ТИКА Афганистанда университетке суу тазалоо системасын курду

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Афганистандын түндүк  - батышында жайгашкан Бадгис мамлекеттик университетине таза суу менен камсыздоо үчүн тазалоо системасына колдоо көрсөттү.

2139215

ТИКАнын Герат кеңсесинен берилген маалыматта  1200  студент окуган университет колдонгон суунун туздуу экендиги, ушул себептен университет ичинде  ичүүгө боло турган суу менен камсыз кылуу жана айыл  - чарба иштеринде колдонуу үчүн саатына  3 миң литр суу чыгарган өнөр жай тибиндеги үч аппараттуу суу тазалоо системасынын курулгандыгы билдирилди. 

Герат кеңсесинин координатору Арафат Дениз долбоордун ачылышында Афганистандагы адамдардын ичүүчү суу көйгөйлөрүнүн бар экенин,  маанилүү жана негизги муктаждыктарга багытталган долбоорлорго көңүл бургандарын айтты.

Дениз университеттин буга чейин ичүүчү сууну тыштан сатып алганын жана туздан тазаланган суунун ошол эле учурда айыл чарба факультетинин практикалык иштеринде да колдонула турганын айтты.

Аземге катышкан Бадгис университетинин жетекчилери, академиктер жана студенттер колдоо көрсөткөндүгү үчүн ТИКА жана Түркияга ыраазычылык билдиришти.

Тектеш кабарлар