Мехмет Шимшек Брюсселде

Министр Шимшек Bruegel аналитикалык борборундагы «Түркия: Европа экосистемасында прогресс» аттуу иш-чарада түрк экономикасындагы өнүгүүлөргө токтолду.

2139584
Мехмет Шимшек  Брюсселде

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Бельгиянын борбор шаары Брюсселде.

Министр Шимшек Bruegel аналитикалык борборундагы «Түркия: Европа экосистемасында прогресс» аттуу иш-чарада түрк экономикасындагы өнүгүүлөргө токтолду.

Программада жогорку деңгээлдеги диалогдордун жанданышы, бажы биримдигинин жаңыланышы жана Түркия-Европа Биримдиги  карым-катнаштары талкууланды.

Мехмет Шимшектин программасында Европа Биримдигинин экономикадан жооптуу комиссарлары менен эки тараптуу жолугушуулар да бар.

Министр Шимшек Европа Биримдиги Комиссиясынын ички базардан жооптуу мүчөсү Тьерри Бретон менен жолугушту.

 

Мехмет Шимшек Европа Биримдиги Комиссиясынын Каржы кызматтары, Финансылык туруктуулук жана Капитал базары Биримдигинен жооптуу мүчөсү Мэйрэд МакГиннес менен да жолугушат.

 

 



Тектеш кабарлар