Үй-бүлө министри Гөкташ Өзбекстандагы форумда сөз сүйлөдү

Гөкташ Азия аялдар форумуна катышуу үчүн барган Өзбекстандын Самарканд шаарында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.

2138955
Үй-бүлө министри Гөкташ Өзбекстандагы форумда сөз сүйлөдү

Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ, Түркия катары Израилдин кол салууларынын алгачкы мүнөттөрүнөн тарта Газа калкынын жанында болгонун жана ок атышпоо келишими үчүн катуу аракет кылгандарын айтты.

Министр Гөкташ Өзбекстандын Самарканд шаарында 30дан ашуун өлкөдөн жана эл аралык уюмдардан 100гө жакын жогорку деңгээлдеги аял жетекчилер жана жооптуу кызматкерлер катышкан Азия аялдар форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.  

Гөкташ, ар башка өлкөлөрдөгү согуш жана кагылышуулардын миллиондогон аял жана кыздардын курмандыгын арттырганын, аялдар менен кыздардын чоң зомбулук жана эксплуатация астында жашашына себеп болгонун билдирди.

Министр Гөкташ: «Бул гуманитардык кризистин эң чоңу, эң ырайымсызы жана эң катаалы бүгүн Газа тилкесинде болуп жатат. Аймакта геноцидге барабар кол салуулар аялдар менен кыздардын жашоосуна кыйратуучу таасирин тийгизди»,-деди.

Министр Гөкташ Түркия катары Израилдин кол салуулары башталган күндөн бери Газа калкынын жанында болгондорун баса белгилеп: «Газада ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн катуу аракеттерди жасадык. Аймакка 54 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттүк. Коштоочулары менен бирге 1000ден ашуун газалык бейтапты өлкөбүзгө алып келдик»,- деди.

Гөкташ Азия аялдар форумуна катышуу үчүн барган Өзбекстандын Самарканд шаарында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.

Ушул алкакта министр Гөкташ Өзбекстандын Үй-бүлө жана аялдар комитетинин төрайымы Парпибаева менен жолугушту.

Аялдар, балдар, үй-бүлө жана социалдык саясаттар темасында пикир алмашылган жолугушууда, Түркия менен Өзбекстандын ортосунда кол коюлушу пландалган үй-бүлө жана аялдар тармагындагы меморандумдун да сүйлөшүлгөнү билдирилди.



Тектеш кабарлар