Эрдоган:«Адамзат тарыхындагы эң ырайымсыз кыргындардын бири Газада 7-октябрдан бери болуп жатат»

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Дүйнөлүк ислам аалымдарынын кеңешүү саммитинин ачылыш программасында сөз сүйлөдү.

2138556
Эрдоган:«Адамзат тарыхындагы эң ырайымсыз кыргындардын бири Газада 7-октябрдан бери болуп жатат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Адамзат тарыхындагы эң ырайымсыз кыргындардын бири Газада 7-октябрдан бери болуп жатат»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Дүйнөлүк ислам аалымдарынын кеңешүү саммитинин ачылыш программасында сөз сүйлөдү.

Өздөрүн «эркиндиктин өлкөсү» деп баалагандардын Израилдин кызыкчылыктары сөз болгондо бир заматта фашизмге бурулганын айткан Эрдоган: «Арасында онкологиялык оорулуулар да болгон 400дөн ашуун газалык бейтаптарды жана жарадарларды өлкөбүздүн ооруканаларында дарылап жатабыз», - деп айтты.

«Абийирдүү өлкөлөр жана коомдордон башка глобалдык системанын кожоюндарынын Израилге кысым көрсөтүүсүн күтүү таптакыр бекерчилик болот»,-деп айткан Президент: «Израилдин ар бир абийирдүү үндү антисемитизмдин таякчасы менен басуусуна жол бербейбиз»,- деди.

Израилдин Газага кол салуулары башталган 7-октябрдан бери адамзат тарыхындагы эң ырайымсыз кыргындардын бири болгонуна көңүл бурган Эрдоган:«Израиль бейкүнөө адамдардын канын төгүүнү улантууда. 15 миң бала мыкаачылык менен өлтүрүлдү. 35 миң палестиналык бир тууган шейит болду. 2 миллион адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. 7-октябрга чейин ансыз деле ачык асман астындагы абак болгон Газа акыркы 219 күндүн ичинде кыргын салуучу лагерге айланды, муну биз мурда Гитлердик Германиядан гана көргөнбүз»,-деп айтты.

 «Бардык өлкөлөрдү Палестина мамлекетин тез арада таанууга чакырган» Эрдоган: «Хамас туруктуу ок атышпоо жолунда (Газа тилкесинде) абдан маанилүү кадам таштады жана (Израилдин премьер-министри Беньямин) Нетаньяху башкаруусунун жообу Рефахтагы бейкүнөө адамдарга кол салуу болду»,-деди.

Президенттин сөзүндө, «Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондорго Кудайдан ырайым тилеп, жабыр тарткан ооган элинин тезирээк сакайып кетишин каалайм»,деген билдирүү жасады.

Багланда болгон сел апаатында 300дөн ашуун адам каза болду.



Тектеш кабарлар