Эрдоган: «Бизге чечүүгө багытталган жана чын жүрөктөн ташталган тарыхый кадамдар гана керек»

Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин Анкара сапарынын алдында Грециянын «Катимерини» гезитине маек берди.

2138518
Эрдоган: «Бизге чечүүгө багытталган жана чын жүрөктөн ташталган тарыхый кадамдар гана керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «(Греция менен болгон мамилелер боюнча) Бизге чечүүгө багытталган жана чын жүрөктөн ташталган тарыхый кадамдар гана керек»,-деп айтты.

Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин Анкара сапарынын алдында Грециянын «Катимерини» гезитине маек берди.

«Кириакос Мицотакистин Анкарага сапарына байланыштуу билдирүүңүздө аны менен эки өлкөнүн алакасын кантип жакшыртууну талкуулай турганыңызды билдиргенсиз. Карым-катнаштардын деңгээлине канааттандыңызбы? Максат эмне жана ага кантип жетсе болот?» деген суроого Эрдоган: «Максат жөнөкөй; көйгөйлөрдү чечүү аркылуу достугубузду чыңдоо жана эки тараптуу карым-катнашыбызды тарыхта болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүү. Бул максатта Түркия катары акыркы убакта чын ыкластуу жана эффективдүү кадамдарды таштадык жана мындан ары да ушундай улантууну көздөп жатабыз»,- деп жооп берди.

«Эки дубалдын ортосуна кысылып калууга аракет кылып жаткан эки өлкөнүн мамилесин жеңилдетүү жана жек көрүү менен кооздолгон дубалдарды бузуу биздин колубузда»,- деп айткан Президент: «Эгей деңизинин эки тарабында түбөлүккө тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрүшү үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз. Бизге керек болгон нерсе – чечимге багытталган жана чын ыкластуу тарыхый кадамдар»,-деди.

Президент Эрдоган Түркия менен Грециянын эки маанилүү туризм өлкөсү экенине көңүл буруп, сөзүн мындайча улантты: «Грек аралдарына келгенде каалгада виза алуу менен жарандарыбыз оңой саякатка чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Негизи булардын баары зарыл болбошу керек жана Европа Биримдиги Түркияга виза эркиндигин бериши керек».

Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги көмүр суутек иш-чараларына байланыштуу Түркиянын көмүр суутек ресурстарынын тең укуктуу, адилеттүү жана камтыгыдай түрдө бөлүштүрүлүшүн жактаганына жана тынымсыз муну талап кылганына көңүл бурган Эрдоган: «Ар бир маселеде болгондой эле, бул жерде да эгемендик укуктарыбыздын жана ыйгарым укуктарыбыздын сакталышын каалайбыз, ошондой эле жээктеш өлкөлөрдүн укуктарын жана ыйгарым укуктарын да сыйлайбыз. Бирок Түркияны көрмөксөнгө салуу аракеттерине ар дайым керектүү каршылыкты көрсөттүк. Муну менен бирге биз инклюзивдик энергетикалык кызматташтыкка негиз түзүлүшү керектигин жана бул максатта таштала турган кадамдарды колдой турганыбызды ачык билдирдик.

Түркияны камтыбаган энергетика платформасынын аймакта, өзгөчө Чыгыш Жер Ортолук деңизде ийгиликтүү болушунун кыйын экенин баары билиши керек. Көп жылдардан бери сөз кылып келе жаткан Чыгыш Жер Ортолук деңиз конференциясын чакыруу менен «утуш-утуш» (win-win) мамилеси менен чечимге негиз түзүү мүмкүн»,-деди.

Эрдоган маегинде Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркия менен Грециянын ортосундагы карым-катнаштарда тең салмактуулук саясатын сактоосун жактагандарын да айтып: «Биз, Греция жана АКШ, НАТОнун мүчөлөрүбүз. Альянстын мыйзамдарына ылайык аралыкта сактала турган жана конструктивдүү диалогго үндөгөн ыкмалар пайдалуу болот деп ишенебиз. Мындан тышкары, Греция менен ортомчуларсыз түз байланыштабыз бар. Муну сактоо жана өнүктүрүү биздин мамилелерге дагы оң салым кошот»,- деди.

Эрдоган мыйзамсыз иммигранттарга байланыштуу кызматташтык жана бирдей жүк жана жоопкерчиликти бөлүшүү зарылдыгына басым жасап: «Маселеге катышкан бардык тараптардын кызматташтыгы маселени тез чечүүгө жана эффективдүү өнүктүрүүгө жол ачат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар