ТРТнын башкы директору : "Табии (tabii) бир гана ТРТнын эле эмес, Түркия Республикасынын долбоору"

«Бизди бириктирген окуялар» деген ураан менен жолго чыккан санариптик платформа романтикалуу комедия, дедектив жана жаштарга арналган сериалдарга чейин бардык жаштагы адамдарга карата мазмунду сунуштайт.

2138330
ТРТнын башкы директору : "Табии (tabii)  бир гана ТРТнын эле эмес, Түркия Республикасынын долбоору"

Түркия радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (TRT) башкы директору, профессор доктор Мехмет Захид Собажы : "Табии (tabii)  жөн гана ТРТнын долбоору эмес, бул Түркия Республикасынын долбоору. Табиинин дагы бир абдан маанилүү өзгөчөлүгү анын бардык программалык камсыздоосу жана техникалык инфраструктурасы жергиликтүү жана улуттук болушу" ,- деди

ТРТ  түрк сериалдарына болгон эл аралык суроо-талапты канааттандыруу жана жаңы өзгөргөн көрүү адаттарына көнүү максатында ишке киргизген эл аралык санарип платформасы Табии 4 миллиондон ашуун катталуучусу менен 1 жылдыгын белгилөөдө.

«Бизди бириктирген окуялар» деген ураан менен жолго чыккан санариптик платформа романтикалуу комедия, дедектив жана жаштарга арналган сериалдарга чейин бардык жаштагы адамдарга карата мазмунду сунуштайт.

ТРТнын башкы директору Собажы билдирүүсүндө, мекеме катары санарип платформа секторуна дымактуу киришүүнү милдет катары санашкандарын жана бул мааниде Табиини ишке ашырышкандарын баса белгилеп : "Табии (tabii) бул жөн гана ТРТнын долбоору эмес, бул Түркия Республикасынын долбоору. Табиинин дагы бир абдан маанилүү өзгөчөлүгү анын бардык программалык камсыздоосу жана техникалык инфраструктурасы жергиликтүү жана улуттук болушу" ,- деди.

Түркия радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын  башкы директору Собажы : «Табииде 30дан ашуун  оригиналдуу өндүрүш жана 20 миң сааттан ашык мазмун бар. Учурда биз бул мазмунду  катталуучуларыбызга 5 тилде сунуштайбыз: түрк, англис, испан, араб жана урду. Мындан тышкары, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон чет өлкөлүк контентти да катталуучуларыбызга таанытуудабыз.  Техникалык жактан да, мазмундук жактан да жогорку критерийлерге ээ болгон өндүрүштөрдү жактыргандыктан,  оригиналдуу мазмунубуздан башка өндүрүшкө өтө сезимтал мамиле кылабыз",- деди.

Собажы Табиинин жаңы долбоорлоруна да токтолуп : "Биздин аудиториябыз бүткүл дүйнө. Бул жагынан алганда, Табии жакында эл аралык кеңейүүнү ишке ашырат жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча түрк өндүрүшүнө болгон суроо-талапты канааттандырууда маанилүү боштукту толтурат. Табии  кийинки сезондон баштап, 3 жыл  TRT 1 жана TRT Spor менен бирге, УЕФА Чемпиондор лигасы, УЕФА Европа лигасы жана УЕФА Конференция лигасынын матчтарын өткөрөт", - деди.



Тектеш кабарлар