DENİZKURDU-II/2024 машыгуусу Мармарис Аксаз деңиз базасында улантылууда
Машыгууда машыгууга катышкан элементтредин коркунучтуу чөйрөдө ой жүгүртүү, көрөгөчтүк жана чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү максатталган.
Улуттук коргоо министрлиги Деңиз күчтөрү командирлиги жүргүзгөн DENİZKURDU-II/2024 машыгуусунун Мармарис Аксаз деңиз базасында улантылып жаткандыгын билдирди.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта DENİZKURDU-II/2024 (Деңиз карышкыры - 2/2024) машыгуусунун деңиз күчтөрүнүн элементтеринин кенен түрдөгү катышуусу менен "Су үстүндөгү согуш, суу астындагы кеме согушу, суу астындагы кемелердин коргонуу согушу жана амфибиялык операциялары машыгуусу» менен улангандыгы белгиленди.
DENİZKURDU-II/2024түн иш - чараларынын алкагында штаб кызматкери жана машыгууга катышкан элементтредин коркунучтуу чөйрөдө ой жүгүртүү, көрөгөчтүк, чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана башка күч командалары менен өз ара аракеттенүү процедураларын сыноо максатталган.