Вашингтондо АКШ-Түркия конференциясы

Конференцияга Түркиядан эки министр катышты.

2137928
Вашингтондо АКШ-Түркия конференциясы
alparslan bayraktar.jpg
ticaret bakani omer bolat.jpg

Соода министри Өмер Болат менен энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтондо 39-Түркия-АКШ конференциясына катышты.

Эки министр тең сессияларда сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен АКШнын ортосундагы соода көлөмүн жана кызматташтыкты арттыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилешти.

Соода министри Өмер Болат АКШнын Түркияга салган инвестициясына көңүл буруп: «Акыркы 22 жылда АКШ Түркияга эң көп инвестиция салган экинчи өлкө болду. Бул мезгилде түрк экономикасынын күчү жана потенциалына ишенген, 60 миллиард доллардан ашуун экономикалык салым кошкон жана 110 миңден ашык жумуш орундарын түзгөн 2 миңден ашуун америкалык фирма Түркияга инвестиция салды»,- деди.

Катышуучуларга кайрылган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар да: «Түркия менен АКШнын кызматташтыктын көптөгөн потенциалдуу тармактары бар. Энергетиканы трансформациялоо өнөр жайы талашсыз реалдуулукка айлангандыктан, бул тармактардын саны да көбөйүүдө. Аларга энергиянын кайра жаралуучу булактары, маанилүү минералдар жана LNG (суюлтулган жаратылыш газы) сыяктуу тармактар ​​кирет. Биз өзүбүздүн мамлекеттерде гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдө жана ар кайсы аймактарда да кызматташа алабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар