Тышкы иштер уюмун бекемдөө фонду түзүлөт

Тышкы иштер министрлигинин курамында министрликтин натыйжалуу түзүмүн камсыз кылуу максатында «Тышкы иштер уюмун чыңдоо фонду» түзүлөт.

2138008
Тышкы иштер уюмун бекемдөө фонду түзүлөт

Тышкы иштер министрлигинин курамында министрликтин натыйжалуу түзүмүн камсыз кылуу максатында «Тышкы иштер уюмун чыңдоо фонду» түзүлөт.

 Президенттин 2024 -  жылдын 6 - апрелинде жарыяланган жарлыгына ылайык, министрликтин натыйжалуу түзүмүн камсыз кылуу максатында «Тышкы иштер уюмун чыңдоо фондун» түзүү максатталган.

Өлкө ичинде жана тышында  2 миң 190 карьер кызматкери жана  261  тышкы өкүлчүлүгү менен тышкы өкүлчүлүк саны жактан дүйнөдө үчүнчү орунда турган тышкы иштер министрлигинин дагы натыйжалуу болушу үчүн кызматкер санын көбөйтүү, адам ресурстарынын сапатын жогорулатуу, дипломаттардын академиялык квалификациясын жогорулатуу жана алардын бирден көп  чет тилин билүү зарылчылыгы, аны эффективдүү колдонууга жана ар түрдүү тармактарда компетенттүү болушу максат кылынууда.

Тышкы иштер уюмун чыңдоо фондунун негизги максаты министрликтин кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө жана институционалдык жактан чыңдоого салым кошо турган изилдөөлөрдү колдоо жана бул багытта кошумча ресурстарды түзүү болот.

Фонд келечекте түзүлө турган академиялык мекеме аркылуу дипломаттардын билим алуусуна колдоо көрсөтүп, магистратура жана докторантурада окууга салым кошуп, эл аралык мамилелер тармагындагы басылмалардын ресурстарын камсыздайт.



Тектеш кабарлар