Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Кубада

Нуман Куртулмуш Кубанын борбор шаары Гаванада вице-президент Сальвадор Вальдес Меса жана премьер-министр Мануэль Марреро Круз менен жолугушту

2137697
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Кубада

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Кубанын борбор шаары Гаванада вице-президент Сальвадор Вальдес Меса жана премьер-министр Мануэль Марреро Круз менен жолугушту.

Нуман Куртулмуш  вице-президент Меса менен жолугушуусунда  эки тараптуу карым-катнаштар, глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашты.

 

Түркия катары гуманитардык тышкы саясат түшүнүгүнө ылайык бардык географиялар менен карым - катнаштарды өнүктүрүүгө маани бергендерин белгилеген Куртулмуш, Куба менен карым-катнаштарды бардык тармакта өнүктүрүүнү каалагандарын айтты.

Куртулмуш Израилдин Газага кол салуулары да талкууланган жолугушууда Куба элинин Палестина менен тилектештик билдирүүсүн жогору баалашкандарын белгилеп, өлкөлөрдүн эгемендик теңдигин коргогон жаңы, адилеттүү дүйнө системасын куруу үчүн биргелешкен кыймылдын маанисине көңүл бурду.

Нуман Куртулмуш андан кийин премьер-министр Круз менен жолугушту.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери жолугушууда түрк фирмаларынын Кубага карата кызыгуусу жана Кубадагы иштерин кеңейтүүсү кубантуучу экендигин белгиледи.

Куба элинин турмушуна  таасир эткен кызматташтыктарга маани бергендерин белгилеген Куртулмуш, бул өлкөдөгү кээ бир экономикалык өнүгүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар