Грециянын премьер - министринин Түркия сапары

Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Ерапетритис Грециянын премьер - министри Кирякос Мицотакистин Түркия сапарынан күтүүлөрүнүн  президент Режеп Таййип Эрдоган менен чын ыкластуу жолугушуу экенин айтты.

2137746
Грециянын премьер  -  министринин Түркия сапары

Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Ерапетритис Грециянын премьер - министри Кирякос Мицотакистин Түркия сапарынан күтүүлөрүнүн  президент Режеп Таййип Эрдоган менен чын ыкластуу жолугушуу экенин айтты.

Йоргос Ерапетритис SKAI FM радиосуна берген маегинде премьер-министр Мицотакистин 13-майда Түркияга сапары тууралуу суроолорго жооп берди.

Түрк жана Греция лидерлеринин жолугушууларынын башка бардык өлкө лидерлеринин эки тараптуу жолугушуулары сыяктуу кабыл алынышы керектигин белгилеген Ерапетритис: «Жолугушуп, сүйлөшүп кризистерди жоюу жана кийинки кадамдарды таштоо маанилүү»,-деди.

Түрк  -  грек карым  - катнаштарында эки өлкөнүн да түпкү тезистеринин өзгөрүшүнө карай эч кандай күтүү болбогонун белгилеген Ерапетритис : «Түрк-Грек жакындашуусунан күтүүбүз бейпилдик мезгили»,-деди.

Ерапетритис Грециянын башка бир күтүүсүнүн эки тараптын ортосунда байланыш каналдарынын ачык болушу экенин жана мүмкүн болгон кризистердин ушул жол менен алдын алына аларын  баса белгиледи.

Греция министри, президент Эрдоган менен Мицотакистин 13-майдагы жолугушуусу тууралуу : «Алдыга коюлушу керек болгон маселелер ортого чыгарылат. Лидерлер менен делегацияларыбыздын ортосунда курч маселелер да каралат. Оң бир күн тартиби,  саясий диалог жана ишенимди бекемдөө чараларын камтыган сүйлөшүүлөргө карата  кийинки кадамдар үчүн бир жол картасы сызылат»,- деди.  



Тектеш кабарлар