Эрдоган жаңы конституцияга басым жасады
Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик Кеңештин түзүлгөнүнүн юбилейлик аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы конституциянын өлкөнүн көйгөйлөрүнүн чечилишин дагы да ылдамдата турганын айтты.
Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик Кеңештин түзүлгөнүнүн юбилейлик аземинде сөз сүйлөдү.
Сөзүндө жаңы конституциянын зарылдыгын баса белгилеген Эрдоган: «Жаңы конституция жарандык саясаттын чөйрөсүн кеңейтип, экономикадан социалдык жашоого чейинки өлкөлөрүбүздүн көйгөйлөрүн чечүүнү тездетет»,-деди.
Эрдоган ар башка саясий партиялардын ортосундагы кеңешүү жана сүйлөшүүлөрдүн активдешүүсүнүн бул багытта маанилүү мүмкүнчүлүк түзөрүн айтып: «Түрк саясаты бул мүмкүнчүлүктү өлкөбүз, улутубуз жана демократиябыз үчүн түбөлүктүү пайдага айлантат деп үмүттөнөбүз. Биз улутубуздун күтүүлөрүнүн алкагында конструктивдүү ролубузду ойной беребиз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган түрк аба күчтөрүн куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк аба күчтөрүн 113 жылдыгы менен куттуктады.