Түрк аба жолдору THY Жозе Моуриньо менен жарнама тасмасын тартты
Жарнамалык тасма фирманын расмий спонсору болгон (Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги) УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2024 Лондон финалы үчүн тартылды.
Түрк аба жолдору (THY) дүйнөгө таанымал португалиялык машыктыруучу Жозе Моуриньо менен тарткан жарнама тасмасын жарыялады.
Жарнамалык тасма фирманын расмий спонсору болгон (Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги) УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2024 Лондон финалы үчүн тартылды.
Тасмада Жозе Моуриньо шахмат матчын өткөрүү, телекөрсөтүүдөн УЕФА Чемпиондор Лигасынын матчтарын көрүү, кулинардык даамдарды татуу сыяктуу THYнын теңдеши жок учак ичиндеги тейлөсүн көрсөтөт.
Машыктыруучу Моуриньо THYнын жыл сайын алган сыйлыктары менен Европанын эң мыкты авиакомпаниясы экенин далилдегенин белгилеп : "Алар менен иштешүү мен үчүн сыймык. Бул кызматташуу менен менин ийгиликке жетишүүмдү жана THYнын теңдеши жок тейлөө түшүнүгүн бириктиребиз",- деп баа берди.