Эрдогандын Европа күнүнө карата кайрылуусу
Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдигин (ЕБ) Түркия менен болгон карым – катнаштарын убадага туруу принцибинин алкагында адилеттүү жана натыйжага багытталган мамиле менен жүргүзүүгө чакырды.
Президент Эрдоган Европа күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.
Евробиримдикти Түркия менен болгон карым – катнаштарын убадага туруу принцибинин алкагында адилеттүү жана натыйжага багытталган мамиле менен жүргүзүүгө чакырган Эрдоган: «Евробиримдиктин мамилебизди туңгуюкка алып келген саясаттан жана риторикадан оолак болушу өтө маанилүү»,-деди.
Эрдоган: «Евробиримдиктин глобалдык держава статусуна терс таасирин тийгизген өлкөбүзгө карата четтетүү саясатынын алдында Түркия өзүнүн стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн колдонуудан жана өнүктүрүүдөн тайынбайт»,- деп айтты.
Европа континентинде исламофобия, ксенофобия жана расизм күчөп баратканын жана мунун тынчсызданууга себеп болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Европалык түрк коомчулугуна каршы басмырлоо жана жек көрүү кылмыштары күн өткөн сайын кадимки көрүнүшкө айланып баратат»,-деди.
Өз кайрылуусунда Палестинадагы адамдык трагедияга да токтолгон Президент: «Газа кризисинин алкагында кээ бир европалык институттар жана өлкөлөр жүргүзгөн саясаттар Европанын баалуулуктарына болгон ишенимдин солкулдашына себеп болду»,-деп айтты.