Эрдоган менен Силва телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Түркия менен Бразилиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар менен глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

2137619
Эрдоган менен Силва телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бразилиянын Израилдин Палестина жерлериндеги мыкаачылыгына карата мамилесинин мактоого арзырлык экенин билдирди.

Эрдоган Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Түркия менен Бразилиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар менен глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

Президент Эрдоган, Израилдин Палестина жерлеринде жасаган мыкаачылыгына Бразилиянын мамилесинин мактоого арзырлык экенин, туруктуу ок атышпоо жана аймакка гуманитардык жардамдардын жеткирилиши үчүн аракеттердин көбөйтүлүшү керектигин айтты.

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас ок атышпоону кабыл алганы менен Израилдин кол салууларын жана кыргындарын көбөйтүп жатканын белгилеген президент Эрдоган, ошондуктан Палестина мамлекетинин таанылышы боюнча демилгелерди колдоонун маанилүү экенин билдирди.

Президент Эрдоган Түркиянын, Украина менен Орусиянын ортосунда уланып жаткан согушка да жакындан байкоо салганын, тараптарга сүйлөшүүгө кайтып, укук жана мыйзамдын негизинде адилеттүү тынчтыкты орнотууга карата иш-аракет жүргүзүүнү сунуштаганын айтты.

Президент Эрдоган Бразилияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн сел жана жер көчкүдө каза болгондорго байланыштуу Да Силвага кайгыруу менен көңүл айтып, Түркиянын Бразилия эли менен бирге экенин билдирди.



Тектеш кабарлар