Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Кубада

Нуман Куртулмуштун Кубадагы расмий жолугушуулары Хосе Марти эстелигин зыярат кылуу менен башталат.

2136863
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Кубада

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш расмий сапар менен Кубанын борбор шаары Гаванага барды.

Куртулмушту Мексика сапарынан кийин барган Гаванадагы Хосе Марти эл аралык аэропортунда Түркиянын Гаванадагы элчиси Вехби Эсгел Этенсел, Кубанын Элдик бийлик Улуттук Парламентинин төрагасынын орун басары Ана Мария Мари Мачадо, Кубанын Элдик бийлик Улуттук Парламентинин Куба-Түркия достук тобунун төрагасы Юрий Вальдес Балбин жана башка тиешелүү адамдар тосуп алышты.

Нуман Куртулмуштун Кубадагы расмий жолугушуулары Хосе Марти эстелигин зыярат кылуу менен башталат.

Андан кийин кесиптеши Кубанын Элдик бийлик Улуттук Парламентинин төрагасы Эстебан Лазо Эрнандес менен жекеме-жеке жолугушуу өткөрө турган Куртулмуш, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Круз жана Кубанын вице-президенти Сальвадор Вальдес Меса менен да жолугушат.



Тектеш кабарлар