«Түркия-Катар Газа жакшылык кемеси» жолго чыгат

Мерсин эл аралык портундагы даярдыктар аяктагандан кийин кеме, болжол менен 40 сааттан кийин Газага эң жакын аймак болгон Египеттин Эль-Ариш портуна барат.

2136821
«Түркия-Катар Газа жакшылык кемеси» жолго чыгат

«Түркия-Катар Газа жакшылык кемеси» бүгүн Мерсинден жөнөтүлөт.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) координациясында даярдалган «Түркия-Катар Газа жакышылык кемеси» Мерсин портунан жолго чыгат.

AFADдын координациясында Катар өнүктүрүү фонду, бейөкмөт уюмдары жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан даярдалган азык-түлүк, ден соолук, гигиена жана баш калкалоочу жай буюмдарынан турган 1900 тонна гуманитардык жардам материалдары, «Түркия-Катар Газа жакшылык кемесине» жүктөлдү.

Мерсин эл аралык портундагы даярдыктар аяктагандан кийин кеме, болжол менен 40 сааттан кийин Газага эң жакын аймак болгон Египеттин Эль-Ариш портуна барат.

Ушул күнгө чейин AFAD, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Фонддор башкы башкармалыгы, Түрк Кызылайы жана бейөкмөт уюмдарынын кызматташтыктыгында ​​13 учак жана 10 кеме менен Газага жалпы 52 миң 16 тонна ар түрдүү гуманитардык жардам материалдары жеткирилди.  

Мындан тышкары аймактагы жарандардын сууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Египет Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте ишке ашырылган Египеттен шише сууларын ташуу долбоорунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин жеткирилген суунун көлөмү 1735 тоннага жетти.



Тектеш кабарлар