Түркия - Венгрия тажрыйба бөлүштү

Министр Гөкташ борбор шаар Анкарада Венгриянын маданият жана инновация министри  Янош Чак менен өткөргөн эки тараптуу жолугушуудан кийин министрликте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

2136627
Түркия  -  Венгрия тажрыйба бөлүштү

Үй  - бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ Түркия менен Венгриянын ортосундагы маалымат жана тажрыйба бөлүшүү аркылуу үй-бүлөлөр муктаж болгон булактарга, колдоолорго жана мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн жеңилдете тургандарын айтты.

Министр Гөкташ борбор шаар Анкарада Венгриянын маданият жана инновация министри  Янош Чак менен өткөргөн эки тараптуу жолугушуудан кийин министрликте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Гөкташ бүгүн Түркия менен Венгриянын ортосунда «Үй-бүлө түзүмүн бекемдөөдө өзгөчө мамилелер» деген темада маанилүү жолугушуу өткөрүшкөндөрүн белгиледи.

Жолугушууда өлкөлөрдүн үй  - бүлөнүн бекемделиши максатынын улуттар үчүн жашоо маселеси боюнча бир пикирге келишкендерин белгилеген Гөкташ : «Бул максат мындан ары да биздин социалдык саясатыбыздын борборунда чечуучу роль ойноону улантат», - деди.

Министр Гөкташ бүткүл дүйнөдөгү экономикалык жана социо  - саясий толкундоолордун үй  - бүлөлөрдүн келерки пландарына маанилүү өлчөмдө таасир тийгизгендигин белгиледи.

Гөкташ мындай абалда үй - бүлөнү ар кандай коркунучтан коргоонун өлкөлөрдүн келечеги үчүн эң маанилүү алдыңкылык экендигин баса белгиледи.

Гөкташ үй-бүлө темасында орток саясаттарды иштеп чыгуу үчүн келерки аптада «Түрк мамлекеттер уюмунун жолугушуусунда» жолугушууларды өткөрө тургандарын айтты.

Венгриянын маданият жана инновация министри Янош Чак : «Венгер өкмөтү үй  - бүлөнү борборго алган өлкөлөр менен кызматташтык түзүүдө. Алдыңкылык берилген өнөктөшүбүз Түркия. Мындан кийинки биргелешкен иштерибизге чоң үмүт менен карап жатам»,- деди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар