Эрдогандын билдирүүлөрү грек басма сөзүндө орун алды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын :"Аймагыбыздагы эч бир өлкө менен чечилбей турган маселебиз жок",- деген сөздөрү грек басма сөзүндө кенен орун алды.

2136489
Эрдогандын билдирүүлөрү грек басма сөзүндө орун алды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын :"Аймагыбыздагы эч бир өлкө менен чечилбей турган маселебиз жок",- деген сөздөрү грек басма сөзүндө кенен орун алды. 

Президент Эрдоган кечээки кабинет жыйынынан кийин маалымат берди. 

Эрдоган : "Буга чейин да көптөгөн жолу айттым. Биз досторубуздун санын көбөйтүү аракетиндебиз. Аймагыбыздагы эч бир өлкө менен чечилбей турган маселебиз жок. Диалог жана сүйлөшүүнүн ача албай турган каалганын жок экендигине ишенебиз",- деди. 

Эрдоган Грециянын премьер - министри Кирякос Мицотакистин 13 -  майда расмий сапарынын негизинде  борбор шаар Аекарага келерин баса белгилеп : "Биз жалпы таламдарыбыздын негизинде Чыгыш жана Батыш менен мамилелерибизди жакшыртуунун жолдорун издейбиз",- деди. 

Эрдогандын бул билдирүүсү грек басма сөзүндө кеңири орун алды.

«Ethnos» гезити президент Эрдогандын: «Аймагыбыздагы эч бир өлкө менен чечиле албай  турган маселебиз жок»,-деген сөзүнө басым жасады.

Президент Эрдогандын Мицотакис сапарынан мурда берген бул билдирүүсүнө басым жасаган "Kathimerini" гезити Эрдогандын Чыгыш жана Батыш менен да карым-катнаштарды жакшыртуу тууралуу билдирүүлөрүнө  көңүлдөрдү бурду.

Грециянын "Pentapostagma" кабар сайты да 13 - майда боло турган Эрдоган - Мичотакис сүйлөшүүсүнө кенен орун берди.

Кабарда эки өлкөнүн ортосунда жаңы келишимдерге кол коюла турганы баса белгиленип, тартипсиз миграция, энергетика жана виза маселелерин азайтуунун мааниге ээ болгону белгиленди.

Кабарда эки өлкөнүн ортосунда жаңы келишимдерге кол коюлары баса белгиленип, мыйзамсыз миграциянын азайтылышы, энергетика жана виза темаларынын мааниге ээ болгондугу айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар