Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Европа директору : "Кийинки эпидемия психикалык саламаттык"

Түркиянын түрдүү шаарларында жолугушууларды өткөрүү жана иш  -  чараларга каиышуу үчүн  5 күндүк сапардын негизинде Стамбулга келген Ханс Клуге басма сөзгө маалымат берди.

2136480
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Европа  директору : "Кийинки эпидемия  психикалык саламаттык"

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Европа аймагы боюнча директору Ханс Клюге психикалык маселелерди "кийинки эпидемия" деп атады. 

Түркиянын түрдүү шаарларында жолугушууларды өткөрүү жана иш  -  чараларга каиышуу үчүн  5 күндүк сапардын негизинде Стамбулга келген Ханс Клюге басма сөзгө маалымат берди. 

Глобалдашуудан улам адамдардын ортосундагы байланыштын, жаныбарлар менен адамдардын ортосундагы байланыштын, токойлордун кыйылышынын күчөгөнүнө көңүл бурган Клюге, буга карата дүрбөлөңгө кабылбоо,  жакшы даярдануу жана тилектештикте болуу керектигин айтты.

Клюге Европа Биримдиги өлкөлөрүндө  6 кишинин бирөөсүнүн кыйынчылык, тынчсыздануу жана уйку маселесин жашап жаткандыгына көңүлдөрдү бурду. 

Адамдардын климаттан  жана Россия  - Украина, Израиль - Газанын ортосундагы согуштардан тынчсызданганын белгилеген Клуюе : "Биз перма-кризис деп аталан мезгилде жашап жатабыз, дайыма кризис болуп турат жана ал адамдардын психикалык абалына таасирин тийгизет",- деди.

Ханс Клюге : "Мен психикалык саламаттык маселелерин" кийинки эпидемия " деп атадым. Бүткүл дүйнөдө, өзгөчө covid-19да жаштар да изоляцияда болду  жана бул абал адамдардын психикалык саламаттыгына да таасирин тийгизүүдө. Жаштарда тынчсыздануу жана уйку көйгөйлөрү көп",- деп баа берди.  



Тектеш кабарлар