Түркия менен Алжирдин энергетика министрлери сүйлөшүү өткөрүштү

Байрактар ​​алжирдик кесиптеши Аркаб менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2136128
Түркия менен Алжирдин энергетика министрлери сүйлөшүү өткөрүштү

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, Алжирдин энергетика жана кен министри Мухаммед Аркаб менен өзгөчө суюлтулган жаратылыш газ (LNG) менен катар түрдүү кызматташтык темаларын талкуулады.

Байрактар ​​алжирдик кесиптеши Аркаб менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда жүрүп жаткан LNG соодасын өнүктүрүү, Түрк мунай акционердик коому менен Алжирдин улуттук компаниясы SONATRACH биргелешкен долбоорлорду түзүүсү, Кен издөө жана илиздөө эл аралык кенчилик акционердик коомунун Алжирдеги кесиптеши менен  биргелешип компания түзүп чогуу иш алып баруусу талкууланды.

Министр Байрактар ​​эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө энергетика тармагындагы тыгыз карым-катнаштардан жана жогорку деңгээлдеги байланыштардан канааттанганын билдирди.

Түркия менен Алжирдин ортосундагы тыгыз кызматташтыктын аймактын ырааттуулугуна жана гүлдөшүнө чоң салым кошконун баса белгилеген Байрактар, эки өлкөнүн ортосундагы достук карым – катнаштардын жана соода көлөмүнүн дагы артышын каалады.

BOTAŞ менен SONATRACHтын ортосундагы 1988-жылдан бери башталган LNG соодасынын 2027-жылга чейин узартылганын эске салган Байрактар ​​бул кызматташтыктын уланышын каалашкандарын белгиледи.

Бул мезгилде Түркия жыл сайын Алжирден 4,4 миллиард куб метр газ алууну улантат.



Тектеш кабарлар