Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан маалымат берди.
2136022
Сириянын түндүгүндөгү "Зайтун бутагы" жана "Евфрат калканы" аймактарында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 7 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Террористтердин кол салуу аракеттерине эселентип жооп кайтарууну улантуудабыз. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын түндүгүндөгү Зайтун бутагы жана Евфрат калканы аймактарында тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузуу үчүн кол салууга даярданган 7 ПКК/ЙПГ террористтин жок кылды. Террорду өз булагында жок кылууга чечкиндүүбүз...»,-деп айтылды.