Министр Гүлер командирлер менен жыйын өткөрдү

Министр Гүлер Башкы штабдын төрагасы армия генералы Метин Гүрак жана күч командирлеринин катышуусунда өткөрүлгөн видеоконференция жыйынында сөз сүйлөдү.

2136036
Министр Гүлер командирлер менен жыйын өткөрдү

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Түрк куралдуу күчтөрүнүн үзгүлтүксүз жана комплекстүү операцияларынын негизинде террорго каршы күрөштө ийгиликке жеткенин айтты.

Министр Гүлер Башкы штабдын төрагасы армия генералы Метин Гүрак жана күч командирлеринин катышуусунда өткөрүлгөн видеоконференция жыйынында сөз сүйлөдү.

Яшар Гүлер мурда жүргүзүлгөн чектелген аскердик операциялардын ордуна бүгүнкү күндө үзгүлтүксүз жана ар тараптуу операциялар жүргүзүлүп, террордук уюмдарга чоң сокку урулганын айтты.

Яшар Гүлер: «Баатыр армиябыз; Терроризм менен күрөшүүдө жаңы коопсуздук концепциябыздын алкагында коркунучтарды чек араларыбызга жете электе өз булагынан жок кылууну; өзгөчө ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ террордук уюмдары менен ар кандай коркунучтарга каршы күрөшүн, арткан кысым жана катуу темп менен улантууда»,-деди.  

Боордош өлкөлөрдүн Түрк куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшүнө кызыгуусун да баса белгилеген улуттук коргоо министри: «Биз чынчыл мамиле менен колдогон боордош өлкөлөр, Түркияга окшош куралдуу күч түзүмүн түзүшүбүздү каалашат. Алардын мындай мамилелелери бул аракеттин канчалык ийгиликтүү болгонун көрсөткөн эң маанилүү көрсөткүч»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар