Фидандын дипломатиялык жолугушуулары

Министр Хакан Фидандын жолугушуулары уланып жатат.

2136072
Фидандын дипломатиялык жолугушуулары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан дипломатиялык жолугушууларын улантууда.

Министр Фидан борбор шаар Анкарада Эсватини Королдугунун тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Фолиле Шаканту менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Түркия менен Эсватининин ортосунда протоколдук кызматташтык меморандумуна кол коюлду.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриштин Кипр боюнча атайын өкүлү Мария Анжела Ольгин Куэлярды борбор шаар Анкарада кабыл алган.

Хакан Фидан Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абал жана Израиль менен Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын ортосунда уланып жаткан ок атышпоо сүйлөшүүлөрү талкууланган. 



Тектеш кабарлар