Фидан: «Трагедиядан сабак албасак,эки мамлекеттүү чечимге барбасак, бул акыркы Газа согушу болбойт»
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Дубайда жайгашкан Al Arabiya телеканалына маек курду.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Бул трагедиядан сабак албасак (Газада) эки мамлекеттүү чечимге барбасак, бул акыркы Газа согушу болбойт»,-деди.
Хакан Фидан Дубайда жайгашкан Al Arabiya телеканалына маек курду.
Фидан Түркиянын эки мамлекеттүү чечим боюнча аракеттерин күчөткөнүн, Палестина маселесинде Ислам дүйнөсүнүн азыр биримдикте кыймылдагандыгын түшүндүрүп:«Эгер биз бул трагедиядан сабак алып, эки мамлекеттүү чечимге барбасак, бул акыркы Газа согушу болбойт. Бизди башка согуштар жана көз жаштар күтүп турат. Биз Израилди да 1967-жылдагы чек араларды кабыл алууга чакырышыбыз керек. Бир гана Хамас эмес, бардык палестиналыктар 1967-жылдын негизинде курула турган Палестина мамлекетин кабыл алууга даяр»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.