Эрдоган: "Түркия Газа сынагынан эң ийгиликтүү өткөн өлкөлөрдүн бири"

Эрдоган Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданият борборундагы Фонд жумалыгынын массалык ачылыш жана фонддун адамдык сыйлыгын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

2136064
Эрдоган: "Түркия Газа сынагынан эң ийгиликтүү өткөн өлкөлөрдүн бири"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Түркия Газа сынагынан эң ийгиликтүү өткөн өлкөлөрдүн бири»,-деди.  

Эрдоган Бештепе улуттук конгресс жана маданият борборундагы Фонд жумалыгынын массалык ачылыш жана Фонддун адамдык сыйлыгын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган, Палестина элине эң кыйын күндөрүндө жардам көрсөткөн сүйүктүү улутубуз бир туугандык милдетин аткарып гана тим болбостон, адамзаттын абийири да болду. Түркия Газа сыноосунан эң ийгиликтүү өткөн өлкөлөрдүн бири»,-деди.

«Март айынын аягында жалпы 3 миң тонналык 125 миң азык-түлүк пакетин ташыган 8-кайрымдуулук кемебизди Газага жөнөттүк»,-деген Эрдоган: «Ушул күнгө чейин жалпы көлөмү 50 миң тоннага жакындаган гуманитардык жардам менен Түркия дүйнөдө Газага эң көп жардам жөнөткөн өлкө болуп калды. Канкордугун уланткан Израиль өкмөтүн ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн дипломатия жана соода жагынан кысымдын дозасын тынымсыз жогорулатып жатабыз. Биринчи этапта биз 54 товар тобуна экспортко чектөө киргиздик. Өткөн жумадан бери Израиль менен экспорттук жана импорттук иштерди бардык продукцияларды камтый тургандай түрдө токтоттук»,-деп айтты.

Түркиянын Эл аралык адилет сотунда Израилге каршы козголгон геноцид доосуна кошулуу чечимин чыгарганын билдирген президент: «15 миңи бала 35 миң бир тууганыбыздын өмүрүнө кол салгандарды мыйзам алдында жоопко тартуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз. Бул чечимдерибиз аймактагы төгүлгөн кандын токтотулушун каалаган берки өлкөлөр үчүн да кайраттуулукту жаратат деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар