Уралоглу: «Түркиянын байланыш спутниги Түрксат 6Анын логотибин аныктадык»

Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түрксат 6Анын июнь айында Space-Xтин Америка Кошмо Штаттарындагы башкы кеңсесине жөнөтүлө турганын айтты.

2135569
Уралоглу: «Түркиянын байланыш спутниги Түрксат 6Анын логотибин аныктадык»
Turksat 6A logo.jpg
Abdulkadir Uraloglu.jpg

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Түркиянын биринчи ата мекендик жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын логотибин аныкташкандарын айтты.

Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түрксат 6Анын июнь айында Space-Xтин Америка Кошмо Штаттарындагы башкы кеңсесине жөнөтүлө турганын айтты.

Түрксат 6Анын өндүрүшү, кураштыруу, интеграциялоо жана сыноолорунун Космос системалары интеграция жана сыноо борборунда аяктаганына көңүл бурган Уралоглу: «Жүргүзүлгөн сыноолордо, спутниктин учуруу процесси жана космос чөйрөсү жерде түзүлдү жана анын бардык шарттарда туруктуулугу сыналды. Биз бардык сыноолорубузду ийгиликтүү аяктадык»,-деп өз баасын берди.

Түркиянын биринчи жергиликтүү жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын логотибин аныкташкандарын белгилеген Уралоглу: «Түркиянын эң чоң илимий жана өнүгүү долбоору болгон, космостогу күчүбүздү бекемдей турган Түрксат 6А үчүн, тандаган логотиптин шыктануусун Түркия кылымы жана сыймыктануу менен желбиретип жаткан желегибизден алдык. Июль айында орбитага жөнөтө турган улуттук байланыш спутнигибиз Түрксат 6А менен сыймыгыбыз жана даңктуу желегибиз космостогу ордун алат»,-деп айтты.

Түркиянын Түрксат 6А менен байланыш спутниктерин чыгара ала турган 10 өлкөнүн арасында боло турганын белгилеген Уралоглу : «Түрксат 6Адан алган тажрыйбаларыбыз менен Түркия өз аймагындагы өлкөлөрдүн байланыш спутник өндүрүү борборуна айланат./. ./ Түркиянын биринчи ата мекендик жана улуттук байланыш  спутниги катары Түрксат 6А Түркияны жана түрк желегин космосто өкүлдүк кылат»,-деди.



Тектеш кабарлар