Парламент төрагасы Куртулмуш Мексика жана Кубага барат

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда сапарда сөз болгон өлкөлөр менен эки тараптуу жана парламенттер аралык карым-катнаштар каралат, глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

2135520
Парламент төрагасы Куртулмуш Мексика жана Кубага барат

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш 5-9-май күндөрүнүн аралыгында расмий сапар менен Мексика жана Кубага барат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда сапарда сөз болгон өлкөлөр менен эки тараптуу жана парламенттер аралык карым-катнаштар каралат, глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Куртулмуш алгач Мексиканын борбор шаары Мексикада Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиядан турган МИКТАнын 10-Парламент төрагаларынын жыйынына катышат.

Куртулмуш жолугушуунун алкагында Мексиканын Өкүлдөр палатасынын спикери Марсела Гуэрра Кастилло менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Куртулмуш Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадордун MIKTAнын парламент төрагаларынын урматына берген чакыруусуна катышат жана эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.

Куртулмуш «Ататүрк» эстелигине гүлчамбар коёт жана Мехикодогу «Юнус Эмре» институтуна барат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш Мексикага болгон сапарынан кийин Кубанын борбору Гаванага барып, ал жерде Кубанын Элдик бийлигинин Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Эстебан Лазо Эрнандес менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт жана анын урматына берилүүчү чакырууга катышат.

Куртулмуштун Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Круз жана Кубанын президенти Мигель Марио Диас-Канел Бермудез менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

Нуман Куртулмуш Гаванадагы «Ататүрк» эстелигине жана «Хосе Марти» эстелигине да гүлчамбар коёт.

 

 

 



Тектеш кабарлар