Фидан ИКУнун саммитинде Газа тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Гамбиянын борбор шаары Банжулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 15-саммитинде тышкы иштер министри Хакан Фидан сөз сүйлөдү.

2135475
Фидан ИКУнун саммитинде Газа тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, баскынчылыкка каршы каршылык көрсөтүүнүн мындан ары Израиль менен Палестинанын ортосундагы согуш эмес, дүйнөнүн бардык жеринде зулумдар менен эзилгендердин ортосундагы күрөш экенин айтты.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Гамбиянын борбор шаары Банжулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 15-саммитинде сөз сүйлөгөн Фидан Израилдин Рефахка байланыштуу пландарын ишке ашыра алса дүйнө жүзү дагы бир айтып жеткис чоңдуктагы балээге күбө болоорун баса белгиледи.

Израилдин жоопко тартылышы керек болсо дагы жазасыз калганына көңүл бурган Фидан, палестиналыктарды коргоо үчүн катарларды дагы тыгыздаштыруунун бүткүл үммөттүн милдети экенин айтты.

Фидан сөзүн улап: «Бул биздин сыноо. Биз биримдикте боло аларыбызды далилдешибиз керек. Ислам дүйнөсү дипломатиялык жол менен, керек болсо мажбурлоо чаралары менен жыйынтыкка жетише аларын көрсөтүшүбүз керек. Ислам тарыхы кыйратуучу бөлүнүүлөргө толгон. Биз бүгүн бул каталарды кайталай албайбыз. Палестина маселесин аймактык атаандаштыкка курмандыкка чалууга болбойт. Биздин эч кимибиз палестиналыктардын каны аркылуу өз ара талаш-тартыштарды чече албайбыз. Ислам дүйнөсүнүн тилектештиги жана биримдиги жоголсо, жалгыз жеңүүчү Израил жана анын колдоочулары болот»,-деди.

«Баскынчылыкка каршы туруштук берүү мындан ары Израиль менен Палестина ортосундагы согуш эмес, бүткүл дүйнөдөгү залимдер менен эзилгендердин ортосундагы күрөшкө айланды»,-деп айткан Фидан : «Биз Израилге каршы колдо болгон бардык жана эффективдүү куралдарды, бардык басым элементтерин мобилизациялообуз зарыл»,-деди.

Түркиянын Израилге карата соодага толук тыюу салганын жана Түштүк Африканын 1-майда Эл аралык Адилет Сотунда Израилге каршы козгогон геноцид иштерине кошулуу чечимин жарыялаганын эске салган Фидан, Израилдин жазасыз калбашы үчүн мүмкүн болгон бардык дипломатиялык ыкмаларды колдоноорун жана эч кандай демилгеден баш тартпай турганын баса белгиледи.

Министр Фидан Түндүк Кипр Түрк Республикасына коюлган адилетсиз изоляцияга, Батыш Фракия түрктөрүнүн, Крым татарларынын жана уйгурлардын абалына токтолуп, Ислам дүйнөсүнүн бул темаларда да биримдикте аракет кылышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар