Парламенттин спикери Нуман Куртулмуш Мексика жана Кубага расмий сапар менен барат

Куртулмуш алгач Мексиканын борбор шаары Мехикодо  Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиядан турган МИКТАнын 10-парламент спикерлеринин жыйынына катышат.

2135414
Парламенттин спикери Нуман Куртулмуш Мексика жана Кубага расмий сапар менен барат

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери   Нуман Куртулмуш 5  - 9 - майда Мексика жана Кубага расмий сапар менен барат.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинен берилген маалыматка караганда сапарда сөз болгон өлкөлөр менен эки тараптуу жана парламенттер аралык карым-катнаштар каралат; Глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Куртулмуш алгач Мексиканын борбор шаары Мехикодо  Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиядан турган МИКТАнын 10-парламент спикерлеринин жыйынына катышат.

Куртулмуш жыйындын алкагында Мексиканын Өкүлдөр палатасынын спикери Марсела Гуэрра Кастилло менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Куртулмуштун Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадордун MIKTAнын парламент төрагаларынын урматына берген чакыруусуна катышы, эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.

Куртулмуш  Мехикодо Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар койот жана Юнус Эмре институтун зыярат кылат.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш Мексика сапарынан кийин Кубанын борбор шаары Гаванага барат жана Куба Элдик Күч Улуттук Парламентинин төрагасы Эстебан Лазо Эрнандес менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт жана урматына бериле турган сый тамакка катышат.

Куртулмуштун Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Круз жана  президенти Мигель Марио Диас-Канел Бермудез менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

Нуман Куртулмуш Гаванадагы Ататүрк жана Хосе Марти эстелигине да гүлчамбар койот.



Тектеш кабарлар