Эрдоган Долмабахчеде MÜSİAD жетекчилерин кабыл алды

Кабыл алууда Израилдин Газага карата кол салууларына токтолгон Эрдоган Түркиянын Газага жиберген жалпы  50 миң тонналык  гуманитардык жардам материалы менен дүйнөдө биринчи орунду алгандарын айтты.

2135331
Эрдоган Долмабахчеде MÜSİAD жетекчилерин кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Биз географиябызда кагылышуу, кан жана көз жашын көрүүнү каалабайбыз",- деди. 

Президент Эрдоган Стамбулда Долмабахчедеги кеңсесинде Көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер коомунун (MÜSİAD) башкаруу кеңешин  кабыл алды.

Кабыл алууда Израилдин Газага карата кол салууларына токтолгон Эрдоган Түркиянын Газага жиберген жалпы  50 миң тонналык  гуманитардык жардам материалы менен дүйнөдө биринчи орунду алгандарын айтты.

Израилди ок атышууну токтотууга мажбурлоо жана өтүүсүнө уруксат берген гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүү үчүн кээ бир коммерциялык чараларды көргөндөрүн жана Израиль менен экспорт жана импорт операцияларын токтоткондорун белгилеген Эрдоган : "Биздин  аймагыбыздагы эч бир өлкө менен душмандык же чыр  - чатакка кирүүнү каалабаганыбызды баарынын билишин каалаймын. Бул жердеги биздин бир гана максатыбыз, ал да батыштын шартсыз аскердик жана дипломатиялык колдоосу менен көзөмөлдөн чыккан Нетаньяху башкаруусун ок атышпоого мажбурлоо. Ок атышпоо жарыяланып,  Газага жетерлик көлөмдө гуманитардык жардамдын киришине уруксат берилген учурда максат аткырылган болот. Түркиянын бул кыймылы учурдагы көрүнүштөн тынчсызданган башка өлкөлөргө да мисал болот",- деди. 

 



Тектеш кабарлар