Түркия Улуу Улуттук Парламенти Францияны айыптады

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы кеңешинде Франциянын Улуттук Парламентинин ассириялыктар жана халдейлер тууралуу чечими айыпталды.

2135046
Түркия Улуу Улуттук Парламенти Францияны айыптады

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы кеңешинде Франциянын Улуттук Парламентинин ассириялыктар жана халдейлер тууралуу чечими айыпталды.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин чечими бүгүнкү Расмий гезитте жарыяланды.

Түркия Улуу Улуттук Парламенттин чечиминде 2024 -  жылдын 29 - апрелинде Франциянын Улуттук Парламенти тарабынан кабыл алынган ассириялыктар жана халдейлер тууралуу чечимдин катуу айыпталганы, укуктук жана тарыхый негизи жок, жек көрүүчүлүккө негизделген чечим экендиги белгиленди.

Чечимде : «Өзүнүн колониячыл жана кандуу өтмүшү менен чыныгы мааниде беттеше албагандардын өлкөбүзгө карата душмандык мамиле менен күн тартибине алып келген дооматтарына эч кандай жооп жок. Тарыхтын саясий себептерден улам бурмаланышын күчтүү түрдө четке кагабыз»,- деп айтылды.

Парламенттердин өздөрүн тарыхчылардын жана соттордун ордуна койбошу керектиги айтылган чечимде : «Бул чындыктарды дагы бир жолу эске салуу менен кара ниеттүү, адилетсиз жана мыйзамсыз чечимди катуу айыптайбыз. Франциянын Улуттук Парламенти  жана башка бийлик органдарын бул боюнча аракетке өтүүгө чакырабыз»,- деп айтылды.

Франциянын Улуттук Парламенти  29 -  апрелде француз өкмөтүн Осмон империясынын ассириялыктар менен халдейлерге карата «геноцид» кылгандыгын расмий түрдө таанууга чакырган текстти кабыл алган.



Тектеш кабарлар