Жевдет Йылмаз: «Лидерлерибиз белгилеген 5 миллиард долларлык максатка жакындап калдык»

Жевдет Йылмаз расмий иш сапары менен болгон Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте Тышкы Экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) – Дүйнөлүк Түрк Ишкерлер Кеңеши (DTİK) тарабынан уюштурулган Иш дүйнөсү менен жолугушуу программасына катышты.

2134310
Жевдет Йылмаз: «Лидерлерибиз белгилеген 5 миллиард долларлык максатка жакындап калдык»
cevdet yılmaz-özbekistanda.jpeg

Вице-президент Жевдет Йылмаз Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмүнүн 3 миллиард доллардан ашканын белгилеп: «Лидерлерибиз белгилеген 5 миллиард долларлык максатка жакындап калдык»,-деди.

Жевдет Йылмаз расмий иш сапары менен болгон Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте Тышкы Экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) – Дүйнөлүк Түрк Ишкерлер Кеңеши (DTİK) тарабынан уюштурулган Иш дүйнөсү менен жолугушуу программасына катышты.

Йылмаз бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркия-Өзбекстан карым-катнаштарынын абдан жогорку деңгээлде экенине жана алардын тарыхый жана маданий байланыштарынын өтө терең экендигине көңүл буруп, эки өлкөнүн достугунан тышкары бир туугандык мыйзамы бар экенин айтты.

Экономикалык жана соода карым-катнаштарында утуш-утуш (win-win) принциби менен иш алып баргандарын белгилеген Йылмаз сөзүн улап: «Бизде азыр 3 миллиард доллардан ашкан соода көлөмүбүз бар. Лидерлер койгон 5 миллиард долларлык максатка жакындап калдык. Биз жеңилдетилген соода системасынын тизмесиндеги өнүмдү көбөйтүүдөн баштап, бажы процедураларын жеңилдетүүгө, кээ бир биргелешкен инвестицияларга жана долбоорлорго чейин көптөгөн багыттар боюнча алдыга жылышыбыз менен бул сооданын көлөмү алгач 5 миллиардга, андан кийин дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөрүнөн күмөн санабайбыз»,-деди.

Жеңилдетилген соода келишиминин 1-июлдан тарта күчүнө киргенин жана айрым өнүмдөрдү камтыганын белгилеген Йылмаз, эки өлкөнүн муну жыл сайын дагы да кеңейтүү аракетин уланта турганын белгиледи.

Түркиянын Өзбекстандагы түз инвестициясынын 1,5 миллиард долларга жеткенин белгилеген Жевдет Йылмаз, Өзбекстанда 1900гө жакын түрк фирмасынын бул өлкөнүн экономикасын да, өнүгүүсүн да, жумуш менен камсыз кылуусун да колдоп жатканын белгилеп, бул фирмалардын текстиль, энергетика, финансы, камсыздандыруу, металл сыяктуу жана башка көптөгөн тармактарда иш алып барышканын кошумчалады.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык иш-аракеттердин өсүп баратканын жана саясий карым-катнаштардын кемчиликсиз деп айтууга боло турган чекке жеткенин баса белгилеген Йылмаз: «Саясатчы жана мамлекеттик башкаруучулар катары биздин милдетибиз ылайыктуу шарттарды түзүү. Калганы болсо жеке сектор, сиздин жумушуңуз, сиз канчалык ийгиликтүү болсоңуз, Өзбекстанга ошончолук көп инвесторлор келет. Мен дайыма айтам, инвесторлор инвесторлорду тартат. Ийгиликтүү инвесторлор, көйгөйлөрү чечилген инвесторлор башка инвесторлорду да тартат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар