Түркия Палестинанын БУУга мүчөлүгүн колдойт

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү элчи Ахмет Йылдыз, БУУнун Башкы ассамблеясында өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөдү.

2134372
Түркия Палестинанын БУУга мүчөлүгүн колдойт

Түркия Палестинанын Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) толук мүчөлүк арызына «чексиз колдоосун» дагы бир жолу кайталады.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү элчи Ахмет Йылдыз, Палестинанын БУУга толук мүчө болушун талап кылган мыйзам долбооруна Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) вето коюусуна байланыштуу БУУнун Башкы ассамблеясында өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөдү.

«Биз Палестинанын БУУга толук мүчөлүк арызын чексиз колдойбуз» деген Йылдыз, эл аралык коомчулукту Палестина элинин негизги укуктарын таануу менен Палестина маселесин тез арада чечүүгө чакырды.

Йылдыз: «Түркия, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугун колдонуунун, Палестина элинин мыйзамдуу талаптарына тоскоол болбошу керек деп эсептейт. Бул абал (Газада Израиль менен Хамастын ортосунда) дароо ок атышпоо түзүлүүсүнө да тоскоол болбошу керек»,-деди.

Элчи Йылдыз: «Өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсүнүн (АКШ) вето коюусунан улам Палестинанын эл аралык коомчулуктагы татыктуу орду дагы бир жолу четке кагылды»,- деп айтты. Йылдыз бул вето менен бир гана Палестина элинин каалоосу эмес, Коопсуздук Кеңешине мүчө башка өлкөлөрдүн оң добуштарынын да эске алынбаганын баса белгиледи.

«Зордук-зомбулуктун айлампасын бузуунун бирден-бир алгылыктуу варианты - эки мамлекеттүү чечим» деген элчи Ахмет Йылдыз, кайталанган ветолордун БУУнун негиздөөчү принциптерине жана Кеңештин эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча ыйгарым укуктарына «олуттуу сокку» экенин билдирди.



Тектеш кабарлар