Каржы жана соода министрлери Парижде

Соода министри Өмер Болат социалдык медиа эсебинен Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн жыйын тууралуу маалымат берди.

2134748
Каржы жана соода министрлери Парижде

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун (OECD) министрлер жыйынынын ачылыш сессиясына казына жана каржы министри Мехмет Шимшек менен соода министри Өмер Болат катышты. Соода министри Өмер Болат социалдык медиа эсебинен Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн жыйын тууралуу маалымат берди. 

Түркиянын атынан министр Шимшек менен жыйындын ачылуу отурумуна катышкандарын билдирген Болат : "Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,  экспортко негизделген өсүү стратегиябызга ылайык, өлкөнүн тышкы соодасын туруктуу жогорулатуу жана аны бардык саясий платформаларда  жакшы жерлерге жеткирүү боюнча аракеттерибизди уланта турганыбызды билдиргим келет. Булчоң иш - чарада өткөрө турган жолугушуулар өлкөбүздүн тышкы соодасына жана элибиздин бакубаттуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизет деп терең ишенебиз», - деди ал.

Болат жыйындан мурда Сингапурдун туруктуулук, экология жана соода министри Грейс Фу менен жолугушту.

Болат социалдык медиа эсебиндеги бул темага байланыштуу билдирүүсүндө кесиптеши менен эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жакшыртууга баланыштуу  баа беришкендерине көңүлдөрдү буруп : "

"Өз ара соодабызды өнүктүрүүгө чын  ниетибизди билдирип, келечекте бул багытта конкреттүү кадамдарды таштоо боюнча макулдаштык",- деди. 

 



Тектеш кабарлар