Алтун: «ТРТ; TRT World, санариптик каналдары жана 41 тилдеги берүүлөрү менен дүйнөлүк медиа бренди»

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажынын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн программага Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, ТРТнын экрандагы жүзү жана көп сандаган конок катышты.

2134409
Алтун: «ТРТ; TRT World, санариптик каналдары жана 41 тилдеги берүүлөрү менен дүйнөлүк медиа бренди»
mehmet-zahid-sobaci.jpg
Mehmet Zahit Sobacı TRT 60. Yıl.jpg
sobacı.jpg

Түркиянын визуалдык жана аудио эстутуму Түркия радио жана телеберүү мекемеси (TRT) 60 жылдык мааракесин атайын программа менен белгиледи.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажынын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн программага Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, ТРТнын экрандагы жүзү жана көп сандаган конок катышты.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун ТРТнын Түрк коммуникация моделинин эң маанилүү ташуучусу экенин айтты.

ТРТнын батыштык маалымат каражаттары жаап-жашырган же көрмөксөнгө салган дээрлик ар бир темада эл аралык коомчулукка туура маалыматтарды убагында жана ылайыктуу түрдө жеткиргенин айткан Алтун: «ТРТ компетенттүү интернационалдаштыруу жана санариптештирүү процессин ишке ашырды. «Эл аралык болуу жана санариптештирүү». Менимче, бул эки түшүнүк ТРТнын акыркы мезгилине из калтырган эки маанилүү түшүнүк. Бүгүнкү күндө ТРТ; TRT World, өткөн аптада ачкан ТРТ Испанча санариптик кабар платформасы, TRT Arabic, TRT Russian, TRT Africa, ТРТ Балкан, ТРТ Француз, анын ичинде 41 тилде жана диалектиде берүүлөрү менен дүйнөлүк медиа бренди»,-деп айтты.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы да ТРТнын Түркия кылымы көз карашынын өкүлү катары «дүйнөнү адилеттүү көз караш аркылуу дүйнөгө түшүндүрүп жатканын» белгиледи.

Түркиянын коомдук телерадиокомпаниясы катары ар башка тилде жана диалектилерде берүүлөрү менен өлкөнүн көз карашын жана эркин 7 континентке жеткиргенин белгилеген Собажы: «Ушул контекстте басма сөз тармагындагы «Түркия кылымы» көз карашынын өкүлү катары биз Түркияны дүйнөгө, дүйнөнү Түркияга гана билдирбестен, дүйнөнү дүйнөгө адилеттүү көз караш аркылуу жеткирүүнү улантабыз. Биз бүткүл дүйнөгө фильтрлер аркылуу эмес, калыс көрүнүш издегич аркылуу кароого аракет кылабыз жана адамдарды борборго коюу менен сөз укугун адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз»,-деп айтты.

Собажы ТРТ каналдары аркылуу көрүнүктүү иштерди аткаргандарын белгилеп, ТРТнын бүгүнкү күндө эң маанилүү жана кадыр-барктуу берүү уюмдарынын бири болуп калганын айтты.



Тектеш кабарлар