Өмер Челик АКШ полициясынын зомбулугуна токтолду

Челик, кечээ АК партиянын Борбордук Аткаруу кеңешинин (MYK) партиянын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн жыйынынан кийин басма сөз билдирүүсүн жасады.

2134144
Өмер Челик АКШ полициясынын зомбулугуна токтолду

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн демонстрацияларда Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) полициясынын зордук-зомбулуктарына каршылык көрсөттү.

Челик, кечээ АК партиянын Борбордук Аткаруу кеңешинин (MYK) партиянын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн жыйынынан кийин басма сөз билдирүүсүн жасады.

Дүйнөнүн бардык маанилүү шаарларында абдан тектүү жана асыл адамдардын реакцияларын ачык билдиргенин, адамдардын Палестина маселесинде дүйнөлүк тарыхта болуп көрбөгөн позициясын улантып жатканын баса белгилеген Челик:«Акыркы нааразылык акцияларынын натыйжасында алдыңкы орунга чыккан кээ бир иш-аракеттерден көрүнүп тургандай, буга болгон реакциялар сөзсүз Газа маселесиндеги гуманитардык позицияны басууга, адамзаттын жана абийирдин үнүнө жооп берүүгө багытталган. Бул жерде элдин Газаны жактаган реакциялары жана адилеттүү позициясы дүйнөнүн демократиялык жана батыштык өлкѳлѳрүн биз тескери кишен деп атаган практика менен тосуп алганын кѳрүп жатабыз»,-деп айтты.

АКШда жерге сүйрөлгөн жана камакка алынган бир окутуучунун сүрөтүн көрсөткөн Челик: «Университеттин окутуучулары Газага реакция кылып жатканда студенттерди коргогону үчүн, администрациялар аларга каршы системалуу түрдө четке кагуу саясатын жүргүзүп бул тескери кишендөө практикасын ишке ашырышууда. Менимче, бул көрүнүштөр ой-пикирге тагылган тескери кишендин, абийирге тагылган тескери кишендин, геноцидге каршы чыгууга тагылган тескери кишендин символу катары аң-сезимдерде сакталып калат»,-деди.

Челик: «Нетаньяхунун геноциддик менталитети учурда адамзатка коркунуч туудурган геноцид саясаты. Ошондуктан цивилизация, абийир жана адамдык ар-намысты жактаган позициябызды сактап, Газаны коргоону улантабыз»,-деп айтты.

Ошол эле учурда Челик, ТРТ жана Анадолу агенттигинин Газа боюнча аракетинин Түркиянын үнүн дүйнөгө уктуруу жана тезистерин туура түшүндүрүү менен абдан маанилүү натыйжаларды бергенин белгилеп, ТРТ испанча санариптик каналын түзгөндүгү үчүн Президенттиктин коммуникация башкармалыгын жана ТРТнын башкы директорлугун  куттуктады. .



Тектеш кабарлар