Түркия ассирийлер жана халдейлер тууралуу чечимге каршылык көрсөттү

Түркия Франция Улуттук Парламентинин ассирийлер жана халдейлер тууралуу чечиминде Осмон империясы дооруна байланыштуу укуктук жана тарыхый негизи жок айыптоолоруна каршылык көрсөттү.

2133862

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Франциянын Улуттук Парламентинин 2024 - жыл 29 - апрелде кабыл алынган ассирийлер жана халдейлер тууралуу чечим күчүн жоготту»,- деп айтылды.

Француз өкмөтүнүн 2023 - жылы француз сенатында кабыл алынган ушуга окшогон чечимди колдобогондугу эске салынган билдирүүдө булар айтылды : «Негизси зайыптоолордун бул жолу бийликтеги партиянын депутаттары тарабынан Улуттук Парламенттин күн тартибине келиши, тарыхый окуялардын саясий кызыкчылыктар үчүн бурмалоо аракеттеринин бир мисалы».

Билдирүүдө парламенттредин тарыхты чечмелөө жана чечим чыгаруу жоопкерчилигинин жок экендиги баса белгиленип : «Бул чечим БУУнун геноцид кылмыштарын алдын алуу жана аларды жазалоо боюнча 1948 - жылдагы конвенциясына да каршы келет, анда геноцид кылмышын компетенттүү сот гана тааный алат",- деп айтылды.

Тектеш кабарлар