Уралоглу:«Өнүгүү жолу долбоорунун жана Зангезур коридорунун алкагында пландалган ишибизди баштадык»

Уралоглу борбор шаар Анкарада автомобиль жолдорунун башкы директорлугунда өткөрүлгөн аземде сүйлөгөн сөзүндө түндүк-түштүк жана чыгыш-батышты эл аралык стандарттагы жол тармагы менен байланыштыргандарын айтты.

2131714
Уралоглу:«Өнүгүү жолу долбоорунун жана Зангезур коридорунун алкагында пландалган ишибизди баштадык»

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Түркиянын жаңы Жибек жолу боло турган Өнүгүү жолу долбоору жана Зангезур коридорунун алкагында пландалган жолдор жана темир жолдордо иштерди баштагандарын айтты.

Уралоглу борбор шаар Анкарада автомобиль жолдорунун башкы директорлугунда өткөрүлгөн аземде сүйлөгөн сөзүндө түндүк-түштүк жана чыгыш-батышты эл аралык стандарттагы жол тармагы менен байланыштыргандарын айтты.

Уралоглу:«Түркиянын жаңы Жибек Жолу боло турган Өнүгүү жолу долбоорунун жана Зангезур коридорунун алкагында пландалган кургактык жана темир жолдор үчүн ишибизди баштадык. Индия, Чыгыш Азия жана Перс булуңу аркылуу Иракка келген жүктөрдү темир жол жана автожол байланыштары аркылуу Европага жеткире турган долбоорлордун кеңири географияга пайда алып келерин болжоп жатабыз. Бизде «Өнүгүү жолу» долбоорунун 1923 чакырым жол коридоруна 1592 чакырым жол бар. Шанлыурфа менен Овакөйдүн ортосундагы 331 километрлик жаңы автожол инвестициясын да пландаштырдык»,-деди.

Түркия менен Азербайжандын ортосунда түз темир жол жана автотранспорттук каттамдарды камсыздай турган Заңгезур коридору менен Түркия менен Орто Азиянын ортосунда жаңы байланыш түзө тургандарына көңүл бурган министр Уралоглу: «Көрүнүп тургандай, Түркиянын өз ичинде гана эмес, дүйнө менен да интеграцияланган эл аралык жүк ташуусуна артыкчылык беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар