Гүлер Ирак менен биргелешкен операциялык борбордун түзүлүшү тууралуу маалымат берди
Яшар Гүлер 23-апрелде Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (TBMM) өткөрүлгөн Кабыл алууда басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
2131172
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Ирак менен биргелешкен операциялык борбордун түзүлүшү тууралуу : «Биргелешкен операция борборунун жоопкерчиликтери белгилүү болот. Эми аны түзүү боюнча эки тарап тең орток чечим чыгарышты»,-деди.
Яшар Гүлер 23-апрелде Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (TBMM) өткөрүлгөн Кабыл алууда басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Ирак менен биргелешкен операциялык борбордун түзүлүшүнө байланыштуу суроого Гүлер: «Ишибизди улантабыз, алар менен биргелешип, эмне кыла аларыбызды көрөбүз. Андан кийин биргелешкен операция борборунун жоопкерчиликтери белгилүү болот. Эми аны түзүү боюнча эки тарап тең орток чечим кабыл алышты»,-деп жооп берди.