Эрдоган балдарды Президенттик комплексте кабыл алды

Президент Эрдоган Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен бирге балдарды Президенттик комплексте кабыл алды.

2131263
Эрдоган балдарды Президенттик комплексте кабыл алды

Президент Эрдоган: «Албетте, тарыхыбыздагы мындай маанилүү күндүн (23-апрель) балдарга тартууланышы кокустук эмес, бул мамлекетибиздин балдарга гана эмес, өз келечегине да канчалык маани бергендигинин көрсөткүчү»,-деди.

Президент Эрдоган Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен бирге балдарды Президенттик комплексте кабыл алды.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө балдарды 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамы менен куттуктады.

Түркиядагы балдар менен бирге дүйнөнүн бардык балдарынын майрамында, балдарды Президенттикте кабыл алуудан абдан кубанычтуу экенин билдирген Эрдоган, дүйнөдөгү бардык балдарга сүйүүсүн билдирди.

Түркиянын азыркы абалына салым кошкондордун баарын, өзгөчө Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) биринчи төрагасы, Боштондук согушунун башкы колбашчысы жана Республикаынын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрктү урматтоо менен эскерерин белгилеген Эрдоган 23-апрелде, Балдар майрамы менен бирге Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгынын белгиленгенин эске салып: «Албетте, тарыхыбыздагы мындай маанилүү күн келечегибиздин кепилдиги болгон балдарга тартууланганы бекеринен эмес. Бул мамлекетибиздин балдарга гана эмес, өз келечегине да маани берип жатканынын көрсөткүчү. Биз болсо Түрк кылымы жөнүндөгү көз карашыбызды сизге тапшырдык, ар бириңиздер бул ишенимди эң ​​жакшы жол менен аткарасыздар деп ишенем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар