ПККнын 2 террористи багынып берди
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.
2130400
Жикчил террордук уюм ПККдан качкан 2 террорист Хабурда коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта эффективдүү жана чечкиндүү операциялардын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 2 ПККлык террористтин Хабурдагы чек ара бекетине багынып бергени билдирилди.