Байрактар ТБ 3 учкучсуз учуучу аппараттары сыноо учууларын улантууда

Байрактар ​​TB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары  ушул убакка чейин жасалган сыноо учууларында жалпы 272 саат 47 мүнөт абада болду.

2130115
Байрактар ТБ 3  учкучсуз учуучу аппараттары сыноо учууларын улантууда

Байкардын улуттук жана уникалдуу түрдө иштелип чыккан Байрактар ​​TВ 3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараты сыноо учууларын үзгүлтүксүз улантууда.

Байкардан берилген маалыматка караганда жума бою жүргүзүлгөн сыноолордо эки прототиби учкан улуттук учкучсуз учуучу аппараттарынын жалпы учуу сааты 272 саат 47 мүнөткө жетти.

Республиканын  100 -  жылына карата  2023 -  жылдын  27 -  октябрында биринчи сыноосун ийгиликтүү аяктаган Байрактар ТВ 3  куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын эки прототиби да сыноо учууларын Текирдагдагы Чорлу районунун AKINCI учуу борборунда улантууда. 

Байрактар ТВ 3 PT-1 жана  PT - 2  өткөн жумада орто бийиктикте система жана туруктуулук көрсөткүчтөрү өлчөнгөн бардык сыноолорду ийгиликтүү аяктады.

Байрактар ​​TB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары  ушул убакка чейин жасалган сыноо учууларында жалпы 272 саат 47 мүнөт абада болду.

 



Тектеш кабарлар