Министр Гүлер командирлерге кайрылды

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Шанлыурфадагы 20-бронетранспорттук бригада командирлигинде өткөн видео телеконференцияда өлкө ичинде жана чек аранын ары жагында кызмат өтөгөн бөлүктөрдүн командирлерине кайрылды.

2126834
Министр Гүлер командирлерге кайрылды

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер: «Террордук уюмдун аракет жана кыймыл дараметин тыптыйпыл кылыш үчүн көзүбүз көрбөгөн, бутубуз баспаган эч кандай жер калтырбайбыз»,-деди.

Гүлер, Шанлыурфадагы 20-бронетранспорттук бригада командирлигинде өткөн видео телеконференцияда өлкө ичинде жана чек аранын ары жагында кызмат өтөгөн бөлүктөрдүн командирлерине кайрылды.

Террор уюмуна өлкө ичинде жана чек арадан өткөн ийгиликтүү операциялар менен оор сокку урулганын, уюмдун кыймылдуулугунун соңуна чыгуу чекитине жеткенин белгилеген Гүлер, бул жердеги үлүштүн бүтүндөй бардыгы кымбаттуу шейиттер жана баатыр ардагерлер менен бирге Мехметчиктерге таандык экенин айтты.

Министр Гүлер: «Биз ушул убакка чейин чоң ийгилик менен талаада орноткон көзөмөлдүн өнүктүрүлүшү жана кеңейтилиши, террордук уюмдун аракет жана кыймыл дараметинин тыптыйпыл кылынышы үчүн көзүбүз көрбөгөн, бутубуз баспаган эч кандай жер калтырбайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар