КАЛКАН ДИХА сыноо учушун ийгиликтүү аткарды

Улуттук жана оригиналдуу иштелип чыккан Байрактар  ​​Калкан тик учуп – конгон учкучсуз учуучу аппатарынын (ДИХА)  сыноолору ийгиликтүү уланууда.

2125960
КАЛКАН ДИХА сыноо учушун ийгиликтүү аткарды

 Байрактар тик учуп – конгон учкучсуз учуучу аппатары учуу үчүн күн санап жатат.

Улуттук жана оригиналдуу иштелип чыккан Байрактар  ​​Калкан тик учуп – конгон учкучсуз учуучу аппатарынын (ДИХА)  сыноолору ийгиликтүү уланууда.

Тик учуп – конгон учкучсуз учуучу аппатары автоматтык круиздик учуу, автономдуу учуу, автономдуу конуу жана жарым автономдуу круиздик учууну аткара алат жана чалгындоо  миссияларында негизги ролду ойноого даярданууда.

Байкар тарабынан иштелип чыккан Байрактар ​​тик конуучу жана учуучу учкучсуз учуучу аппарат системасы КАЛКАН ДИХА 30 - сыноо учушун аткарды.

Эдирненин Кешан аймагындагы Байкар Учуу Окуу жана Сыноо борборунда учуу учурунда системаны аныктоо сыноолору ийгиликтүү аткарылды.

Байрактар ​​КАЛКАН ДИХА сыноонун алкагында 14 миң 500 фут бийиктикке чыгып, 70 сааттык ийгиликтүү учуу убактысын артта калтырды.

ДИХА да маршрутту байкоо, бутага көз салуу, айлануу жана  кайтуу режимдерин аткара ала турган учуу башкаруу системасы бар.

Термикалык сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон унаа түнкүсүн да жогорку сапаттагы сүрөттөрдү тарта алат.

Учуп-конуу тилкесине муктаж болбогон ДИХА күчүн 4 электр кыймылдаткычынан жана 1 аз сарпталган бензин кыймылдаткычынан алат.

Электр кыймылдаткычтары менен вертикалдуу учкандан кийин круиздик учуу режимине өтүп, бензин кыймылдаткычы менен иштейт.



Тектеш кабарлар